18:29, 08 июля 2024, 24.kg

Беларустун Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты арттыруунун артыкчылыктуу багыттары жана перспективалары боюнча пикир алышты, ошондой эле эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык уюмдардын алкагында дагы кыргыз-беларусь кызматташтыгынын бардык тармактарында жогорку деңгээлин белгилешти.

«Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн потенциалы абдан маанилүү», — деди Сергей Молунов буга чейин беларус журналисттерине.

«Мамлекет башчысы Беларустун Кыргыз Республикасы менен мамилесин мыкты деп атады. Чынында эле, ошондой. Биз Беларус менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук, союздаштык мамилелердин деңгээлин абдан жогору баалайбыз, алар терең тарыхый тамырларга жана баатырдык тарыхый өткөнгө негизделген», — деп кошумчалады дипломат.

Эске сала кетсек, Андрей Страчко мартта Беларустун Бишкектеги элчиси катары миссиясын аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18