15:14, 08 июля 2024, 24.kg

Кара-Сууда чиновник УКМК кызматкерине пара берүүгө аракеттенген

Ош облусунун Кара-Суу районунда чиновник пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Photo 337613

Атайын кызматтан билдиришкнедей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран КР УКМК кызматкерине 5 миң АКШ доллары, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды.

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18