15:43, 05 июля 2024, 24.kg

Алайда сууга түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Алайда сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган Н.А.нын сөөгү бүгүн саат 11:05те куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек 4-июль күнү кечки саат 21:00 чамасында Алай районундагы Мурдаш суусуна «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада айдоочу жана 6 жашар бала болгон.

Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам жалпы 195 адам тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18