15:38, 05 июля 2024, 24.kg

ЖОЖдорго кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18