15:06, 05 июля 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Азербайжанга кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти.Бул тууралуу мамлекат башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы «Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу» болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;

транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18