14:40, 05 июля 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров медицина кызматкерлерине унаа ачкычтарын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы медиктерге 2024-жылы чыгарылган Toyota HILUX үлгүсүндөгү 26 пикаптын ачкычын тапшырды.

Ал медицина кызматкерлеринин эмгеги эң маанилүү, баа жеткис жана татаал экенин белгиледи.

«Биз бул унаалар эмдөө деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун коргоо үчүн өлкөнүн алыскы аймактарына вакциналарды өз убагында жана тез жеткирүүгө жардам берет деп ишенебиз», — деди Жапаров.

Белгиленгендей, унаалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Вакцина жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын «Вакциналарды жеткирүүнү колдоо программасы» грантын ишке ашыруунун алкагында сатып алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18