11:52, 05 июля 2024, 24.kg

Салават Садыракунов «Электр станциялар» ААКтын жетекчиси болуп дайындалды

«Электр станциялары» ААКнын жетекчиси болуп Салават Садыракунов дайындалды. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги билдирди.

Министр Таалайбек Ибраев Кара-Көл шаарындагы «Электр станцияларында» болуп, жаңы дайындалган башкы директорду кесиптештерине тааныштырды.

Photo 337171

«Электр станциялары» ААКсында 2015-жылдан бери жетектеген. Ал эми 2017-жылы «Электр станциялары» ААКнын узак мөөнөттүү өнүктүрүү жана капиталдык курулуш бөлүмүн жетектеген.

2021-жылдын 14-декабрында «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун орун басары, башкы дирекциясынын мүчөсү болгон.

Министр ишкананын кызматкерлери менен жолугуп, 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат алды. Ал ошондой эле ГЭСтерди реконструкциялоо жана оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керектигин эскертти.

Мындан тышкары, «Электр станциялары» ААКнын Кара-Көл шаарына көчүп келишине байланыштуу жакынкы аралыкта кызматкерлер үчүн кеңсе жана турак жай комплексин курууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18