10:01, 05 июля 2024, 24.kg

Чүйдө мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод курулат

Чүйдө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 га жерди «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «башка багыттагы жерлер» категориясына которду. Эми ал жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Мындан тышкары Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Долбоор «Зилан Эверсун Текстиль» ЖЧКсы менен бирге ашырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18