19:53, 04 июля 2024, 24.kg

5-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +26...+31,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +28...+30 градус болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18