17:45, 04 июля 2024, 24.kg

Париж — 2024. Камчыбек Ташиев Олимпиадагы катыша турган спортчулар менен жолукту

Photo 337079

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларга ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде катышуучулар спорттук шаймандарды сатып алуу, спортчуларды жана машыктыруучуларды окуу-машыгуу жыйындарында жана мелдештер учурунда каржылык колдоо боюнча бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаровдун атынан спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Камчыбек Ташиев кыргызстандыктар жеңиштерге жетип, мекенине медалдарды алып келээрине ишенерин билдирди

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18