13:52, 04 июля 2024, 24.kg

Чолпон-Атада Көлбаевдин 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна таандык Чолпон-Ата шаарындагы 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, К.Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

Мындан улам УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 млн 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, атайын кызмат тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18