13:16, 04 июля 2024, 24.kg

Күндүн сүрөтү. Бишкек мэри жана орун басары жумушка автобус менен келишти

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана орун басары Жамалбек Ырсалиев жумушка автобус менен келишти. Бул тууралуу вице-мэр социалдык тармактарда билдирди.

«Бүгүн бейшемби. Мэрдин демилгеси менен ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто иштейбиз. Максат — элдин көйгөйүн көрүп, жеринде чечүү», — деп жазды вице-мэр.

 

Photo 336968

Эскерте кетсек, буга чейин Айбек Жунушалиев шейшемби жана бейшемби күндөрү кол алдындагыларга жеке унааларды колдонууга тыюу салган. Алар жумушка жана үйгө жетүү үчүн коомдук транспортту колдонушу керек эле.

24.kg сайтынын мэр өзү коомдук транспортту колдонобу деген суроосуна ал жөө жүрөм деп жооп берди. Ал эми шейшемби, бейшемби күндөрү жашаган жерине баруу керек болсо No56 жана 55-автобустар менен жүрөт.«Мен үчүн ар бир сапар жарандарды жеке кабыл алуу менен да коштолот. Ким билип калса, келип, суроолорду берет», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18