13:02, 04 июля 2024, 24.kg

Бүгүн Беларусь расмий түрдө ШКУга мүчө болду

Беларусь расмий түрдө Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү болду.

Бүгүн, 4-июлда Астанада өтүп жаткан ШКУнун саммитинде өлкөнүн уюмга кирүүсү боюнча документтерге кол коюлду.

Photo 336967

"Бүгүн Астанада өтүп жаткан саммитте биздин уюмду андан ары кеңейтүү тууралуу маанилүү чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу Беларустун президенти урматтуу Александр Григорьевич Лукашенкого кош келиңиз деп айткым келет. Беларусь Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуу үчүн зарыл процедураларды аткарды. Уруксат берсеңиздер, жыйынды Беларусь Республикасын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катарына кабыл алуу тууралуу документке кол коюу менен баштоону сунуштайм", - деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18