12:49, 04 июля 2024, 24.kg

Астанада ШКУ мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары сүйлөшүү бөлмөсүнө өтүштү.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия жана башка мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18