20:02, 03 июля 2024, 24.kg

Декларацияны тапшырбаган 200дөн ашуун аткаминер жоопко тартылды

Декларацияны тапшырбаган же мыйзам бузуу менен тапшырган 200дөн ашык аткаминер жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, салык декларациясын тапшырбаган же белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылды.

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан салык мыйзамдарынын аткарылышын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик кызматчылар жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан 2023-жылга кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияларды тапшырбоо же белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берүү фактылары аныкталды. .

Ар бир факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 438-беренесинде каралган кылмыш боюнча иш козголуп, материалдар сот органдарына жөнөтүлүп, жыйынтыгында 201 мамлекеттик кызматчы жана муниципалдык кызматкер 603 миң сомдук айып салуу менен жоопкерчиликке тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18