18:24, 03 июля 2024, 24.kg

Ошто анардан жасалган суусундуктар алынып жатат. Курамында зыяндуу боёк бар

Ош шаарынын соода түйүндөрүндө Ооганстанда өндүрүлгөн анардан жасалган газдалган «Golden Life» суусундугу алынып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин буйругуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар калктын, өзгөчө балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө, анткени суусундуктун курамында лабораториялык изилдөөлөр боюнча азорубин E 122 боёгу бар, ал балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизет.

Соода түйүндөрүнүн жетекчилерине да бул продукцияны сатууга тыюу салуу боюнча буйруктар берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18