16:32, 03 июля 2024, 24.kg

«Кымыз-Фест — 2024» Чуңкурчак жайлоосунда өтөт

 6-июлда Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз-Фест – 2024” фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара саат 10.00дө башталат. Катышуучулар жана коноктор улуттук күүлөрдү угушуп, кыргыз ашканасынын жана атактуу кымыз суусундугунун даамын татып көрүшөт.

Бул салтанат президенттин «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында  өтүүдө.

 

 «Фестиваль көптөгөн жаркын спектаклдерди, кымыз жана кыргыз ашканасынын кеңири тандоосун, элдик кол өнөрчүлүктү, боз үй шаарчасын жана эң түстүү жана кызыктуу окуялардын бири – кыргыз көчмөндөр оюндарын камтыйт. Иш-чаралар кыргыз элинин чыныгы жашоосун сезүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18