14:19, 03 июля 2024, 24.kg

Караколдо мыйзамсыз иштеген диний мекеме жабылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18