19:22, 02 июля 2024, 24.kg

УКМКнын төрагасынын жана башкы прокурордун атынан акча талап кылгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана башкы прокурордун атын жамынып опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлеринин ыкчам аркеттеринин жүрүшүндө жогорудагы кызмат адамдары менен байланышым бар деген шылтоо менен А.Г.Э. аттуу жарандан күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң АКШ доллар акча каражатын талап калган адамдар кармалды.

Мындан сырткары, мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон Т.Т. тарабынан аталган жабырлануучу А.Г.Э.ге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары катталып, К.И.А. УКМК төрагасынын жээни экенин, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин «өкүл баласы» жана жаңы дайындалган башкы прокурор Максат Асаналиевдин тууганы экендигин айтып, буга байланыштуу ал сотторго таасир этип, жабырлануучунун күйөөсүн бошотушу мүмкүн экендигине ынандыруу үчүн колдон келген аракетин жасаган.

Ошентип 27-июлда акчалай сый акынын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18