18:27, 02 июля 2024, 24.kg

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды

Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.

Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.

Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18