11:31, 02 июля 2024, 24.kg

Бишкек мэриясы ЖЭБнин жаңы директорун дайындады

 

Photo 336527

Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев ЖЭБдин жамаатына жаңы директор Нургазы Курманбековду тааныштырды, деп билдирди калаанын басма сөз кызматы.

Талайбек Байгазиев белгилегендей, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер коюлган.

Өз кезегинде Нургазы Курманбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарууга бардык күч-аракет жумшалаарын белгиледи.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерин мэриялардын балансына өткөрүүгө макулдук берген. Депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18