10:50, 02 июля 2024, 24.kg

Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

 

Photo 336522

Бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга иш сапары менен келген БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу болду.

Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тараптар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жолугушуу бөлмөсүнө кетишти. Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ПРООНдун долбоорлорунун бири менен таанышат деп күтүлүүдө.

Маданий маалымат берүү программасы да пландалып жатканы белгиленди. Эртең, 3-июлда БУУнун баш катчысы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Астанага учуп кетет.

Эске сала кетсек, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүно иш сапары менен барган. Ал Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга барат. Ар бир өлкөдө баш катчы президент жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлор менен таанышып, жергиликтүү активисттер менен баарлашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18