09:20, 02 июля 2024, 24.kg

Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу толук ачылды

Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.

Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техникалар тарабынан уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.

Эскерте кетсек, 30-июнда селдин кесепетинен аталган жолдогу эки көпүрө жабыркап, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18