09:18, 02 июля 2024, 24.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди. Жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18