19:10, 01 июля 2024, 24.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы (U23) Иордания Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда кыргыз балбандары 7 медаль утушкан. Анын ичинен 3 — алтын, 1 — күмүш жана 3 — коло.

Азия чемпиону наамын Абдымалик Карачев (57 кг), Билол Шарип уулу (65 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (74 кг) ээлесе, Стамбул Жаныбек уулу (92 кг) күмүш медаль утту. Ал эми Юхан Доктурбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (70 кг) жана Бекзат Рахимов (86 кг) коло байгеге татышты.

Курама команда 157 упай менен 3-орунду багындырса, 177 упай менен коңшу Казакстан командасы 2-орунга чыкты. Биринчи орунду 194 упай менен Индия курамы ээледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18