19:06, 01 июля 2024, 24.kg

Балыкчы шаарынын жаңы прокурору дайындалды

Курсантбек Каримов Балыкчы шаарынын прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каримов Курсантбек Абдимомунович 1976-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Ал 5 баланын атасы. Эмгек жолун Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасында баштап, Чүй жана Ош облустарынын прокуратураларында, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасында, Талас облусунун прокуратурасында жана Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18