15:07, 01 июля 2024, 24.kg

Ташкентте Кыргызстандын жөө күлүктөрү байгелүү орундарды алышты

Ташкентте өтүп жаткан «Silk Road to Paris» эл аралык турниринде кыргызстандык спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бул тууралуу Өзбекстандын жеңил атлетика федерациясынын сайтында жазылууда.

Маалыматка ылайык, Нурсултан Кеңешбеков 1,5 миң жана 5 миң метр аралыкта жеңишке жеткен.

Самат Казакбаев 1,5 миң метр аралыкта экинчи болду.

Сулейман уулу Жусуп эки коло медалга ээ болду — 1,5 миң жана 5 миң метр.

Тимур Исаков узундукка секирүү боюнча үчүнчү орунду ээледи.

Турнирге Кыргызстандын атынан 12 спортчу катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18