15:04, 01 июля 2024, 24.kg

Сарай-Сай кенинен 1,1 миң тонна алтын кени мыйзамсыз чыгарылган

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сарай-Сай кенинен 1,1 миң тонна алтын кени мыйзамсыз чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына кийин сатуу максатында жасалма документтер менен алынып келинген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын үч жараны кармалган. Алар күнөөсүн мойнуна алып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган экөө КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18