11:34, 01 июля 2024, 24.kg

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда таңкы саат 07:49да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң Алай районундагы Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Шыбак айылынан 6 чакырым түштүк-батышта, Жар-Башы айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Дароот-Коргон айылынан 10 чакырым түштүк батышта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18