11:11, 01 июля 2024, 24.kg

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис 3-июлда келет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Эки күндүк сапардын максаты — Кыргыз Республикасы менен кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Photo 336417

Иш сапардын алкагында Швейцариянын тышкы иштер министри Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.

Ошондой эле, Швейцариянын Улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргызстанда жашаган эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, бизнес секторунун, жарандык коомдун өкүлдөрү жана швейцариялык жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Швейцария Кыргызстанда 1994-жылдан бери жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык колдоо көрсөткөн долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18