10:09, 01 июля 2024, 24.kg

Азия чемпионаты: Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 3-орунду алды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Азия чемпионатында (U23) жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн чепионатта кыргызстандык балбан кыздар 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңишти.

Photo 336383

Нурзат Нуртаева (68 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (72 кг) алтын байгеге ээ болушса, Дильназ Сазанова (65 кг) жана Кайыркүл Шаршенбаева (76 кг) күмүш медаль утту. Ал эми Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло байгеге татыды.

Командалык эсеп боюнча 230 упай менен 1-орунга Индия курама командасы чыкса, 2-орунду 154 упай менен коңшу Казакстан командасы ээледи. Ал эми ата мекендик спортчулар 147 упай менен 3-орунду багындыра алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18