08:39, 01 июля 2024, 24.kg

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Марипов, Салымбеков, Тыналиев алдыга чыкты

№ 5 Ноокат, № 29 Свердлов жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Саат 20:40ка карата 173 (же 98,8%) шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөөчү урналарынан маалыматтар келип түштү. АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20.40га карата алдын ала маалыматы боюнча, Бакытбек Марипов No5 Ноокат шайлоо округу боюнча 43,9 пайыз добуш алып, алдыда келе жатат. Ага 10 миң 916 шайлоочу добуш берген.

No29 Свердлов шайлоо округунда 65 пайызга жакын добуш менен Жумабек Салымбеков алдыда келе жатат. Ага 10 миң 611 шайлоочу добуш берген.

Ысык-Көл облусунун No36 округу боюнча Айжигит Тыналиев лидер болуп, ага 3 миң 498 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын 16,04 пайызын түзөт.

Эске салсак, бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен саноо жүргүзүлөт, анын негизинде шайлоо участкалары боюнча жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18