18:51, 28 июня 2024, 24.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат», — деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18