17:57, 28 июня 2024, 24.kg

U-23: Азия чемпионатында Асан Жанышов алтын медаль жеңди

Кыргызстандын грек рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов ушул күндөрү Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-23) алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышкан. Биринчи айлампада казакстандын балбаны Максат Сайлауну 11:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада индиялык Теджал Теджалды 14:6 эсебинде утуп өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Эскерте кетсек, кун мурун Кыргызстандын грек-рим курамасынын 7 мүчөсү медалга татыган. Алар:

Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) — алтын;

Артык Орозбеков (130 кг чейинки салмакта) — күмүш;

Акыл Сулайманов (60 кг ), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) — коло медаль.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке улук машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18