16:18, 26 июня 2024, 24.kg

Ошто чек ара кызматынын офицери кармалды. Жоокерлерден акча талап кылган

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан «Опузалап пара талап кылуу» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун 1985-жылы туулган Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды.

 

Аталган кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылган.

Учурда З.Т.С. аттуу жарандын кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18