15:22, 26 июня 2024, 24.kg

Кыргызстандын ар бир мектебинде өзүнүн көмөкчү чарбасы болот

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр жетекчилерге ар бир мектепте көмөкчү чарбаны уюштурууну пландап, стратегиялык өнүгүү пландарын иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле жыйында жаңы окуу жылына карата кадрларды толуктоо, орус тилдүү мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз класстарын ачуу, жайкы каникул учурундагы окуучулардын коопсуздугу жана мектептердеги оңдоо иштеринин сапаты талкууланды.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын февраль айында мектептердин имараттарынын ишин уюштуруунун тартибин бекиткен өкмөттүн токтомуна кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18