12:25, 26 июня 2024, 24.kg

Балыкчыда дээрлик 25 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Photo 335899

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Алсак, Балыкчы шаарынын айлампасы тарапта жайгашкан 2,75 га жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Анын жыйынтыгында, шаардык мэрияга прокуратура тарабынан талап келтирилип, прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен орточо базар баасы 24 млн 750 миң сомду түзгөн 2,75 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18