16:33, 25 июня 2024, 24.kg

Президент Садыр Жапаров Брюсселде Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгияга иш сапарынын алкагында падыша Филипп менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бетме-бет өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Photo 335806

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров падыша Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18