15:47, 25 июня 2024, 24.kg

ЖК депутаттары Улуттук банктын жетекчилигине дагы бир талапкерди карайт

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын жетекчилигине дагы бир талапкерди карайт.

24.kg агенттигинин өз булактарынын маалыматына караганда, бош орунга Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдон тышкары жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев да сунушталышы мүмкүн.

Ал экономика илимдеринин доктору, доцент. Чет элдик басылмаларда англис жана түрк тилдеринде жарыяланган 30дан ашык илимий макалалардын автору.

Белгилүү Лондон бизнес мектебинин Лидерлик жана стратегия боюнча престиждүү Слоун магистратура программасынын бүтүрүүчүсү (2022-2023).

Эске сала кетсек, Улуттук банкты 2021-жылдан бери жетектеп келген Кубанычбек Бөкөнтаевдин башка кызматка кетип жатканы бир күн мурун белгилүү болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18