15:28, 25 июня 2024, 24.kg

Газада дайынсыз жоголгон балдардын саны 21 миңге жетиши мүмкүн

«Балдарды коргоо» гуманитардык жардам уюмунун маалыматына караганда, Газа тилкесинде Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуштан улам дайынсыз жоголгон же үй-бүлөсүнөн ажыраган балдардын саны 21 миңге жетиши мүмкүн.

БУУнун маалыматына караганда 1953-жылдан бери аймактагы палестиналык балдарга колдоо көрсөтүп келе жаткан бул уюм 17 миң ата-энесинен ажырагын жана дагы 4 миңдей бала урандылардын астында калышы мүмкүн деп билдирген.

«Дайынсыз жоголгон, бирок тирүү балдар, олуттуу тобокелчиликтерге туш болушууда жана алар табылышы керек. Аларды коргоп, үй-бүлөлөрү менен бириктирүү керек. Өлтүрүлгөн балдар үчүн — алардын өлүмү расмий белгиленип, алардын үй-бүлөсүнө маалымдалып, акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдары болушу керек», — деди «Балдарды коргоо» уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча аймактык директору Жереми Стонер.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын кеңсесинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 7-октябрында согуш башталгандан бери Газа тилкесинде 15 миңдей бала набыт болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18