12:51, 25 июня 2024, 24.kg

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Автандил Арабаев дүйнө салды

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, укук таануучу, профессор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Автандил Арабаев 62 жашында чын дүйнө салды.

Ал жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илимий-изилдөө институтунун укуктук жана саясий изилдөөлөр борборун жетектеген.

Автандил Арабаев 125 илимий эмгектин, анын ичинде мамлекет жана укук теориясынын, конституциялык жана парламенттик укуктун проблемалары боюнча 5 монографиянын жана 4 окуу китебинин автору.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 25-июнда саат 17.00дө Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Тайгараев айылында болот.

24.kg редакциясы Автандил Арабаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18