10:13, 25 июня 2024, 24.kg

БРИКС −2024: Кыргызстандын курамасы жалпы 51 медаль жеңди

Үстүбүздөгү жылдын 12-23-июнь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн БРИКС эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын курама командасы 51 медаль (2 алтын, 11 күмүш, 38 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) өлкө намысын коргоду.

Медалдык эсеп боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи.

Ал эми 1-орунга Россия (262 алтын, 141 күмүш, 99 коло), 2-орунга Беларусь (55 алтын, 85 күмүш, 107 коло) жана 3-орунга Кытай (20 алтын, 24 күмүш, 18 коло) татыды.

Photo 335687

Эске салсак, эл аралык мелдешке жалпы 90 мамлекеттен 4751 спортчу катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18