09:44, 25 июня 2024, 24.kg

Кадамжайда беш жаштагы бала селден каза болду

Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам 24-июнь күнү сел жүргөн. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тилекке каршы Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, учурда абалы орто.

Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18