18:27, 24 июня 2024, 24.kg

Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир берилет

2023-жылкы Азия оюндарынын алтын байге ээси, дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен батир берилет. Бул тууралуу Мэрия борбор калаанын шаардык кеңешинин кароосуна «Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды бекер берүү жөнүндө» токтомдун долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, Эрлан Шеров 2018-жылы Эл аралык спорттун бул түрү боюнча федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү дзюдочулардын рейтингинде биринчи орунду ээлегени белгиленген. Мындай жыйынтык Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жетишилди.

«Өткөн жылы Азия оюндарында алтын медаль жана 2024-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта (БАЭ) коло медаль тагынган Эрлан Шеров өлкөнүн биринчи дзюдочусу катары тарыхта калды жана Олимпиада оюндарына катышууга кепилдик берди. Парижде планетанын эң мыкты дзюдочулары катышат», — деп айтылат негиздөөчү документте.

Муниципалитет Эрлан Шеров Кыргыз мамлекетин дүйнөлүк аренада даңазалап, өлкөбүздүн жаш муундары үчүн кумир жана үлгү экенин кошумчалайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18