17:33, 24 июня 2024, 24.kg

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

Быйыл октябрь айында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуп, октябрь айында Бишкекте өтүүчү ТМУнун кезектеги 11-саммитин кеңири талкуулашты.

Министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда ТМУ катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18