16:43, 24 июня 2024, 24.kg

Кыргызстандык бийчилер Парижде өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка барышат

Бишкекте Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2024 эл аралык бий чемпионаты Франция үчүн тандоо турнири болуп өттү.

Сынактын катышуучуларына калыстар — Франциянын, Түштүк Кореянын, Кыргызстандын белгилүү дүйнөлүк бийчилери жана Fusion Concept фестивалынын чемпионатынын негиздөөчүсү баа беришти.

Чемпионатка катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Франциядан бийчилер келишти.

Ар түрдүү номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылса, эгиз бир туугандар Ома менен Эма «Фристайл: эки экиден» номинациясында жеңишке жетишти. Алар Парижде өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка барышат.

Белгилей кетсек, финалисттердин Францияга сапары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18