16:30, 24 июня 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен кетти. Коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров 24-июнда Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;

— президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18