14:47, 24 июня 2024, 24.kg

Электрондук тамеки колдонгондор үчүн айып 10 миң сомго чейин кыскартылды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети электрондук тамекилерди алып кирүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Бул тыюу салууларды бузгандар айыппул жана эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Алгач электрондук тамеки колдонгондор үчүн 400 миң эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 40 миң сом айыппул салуу сунушталган. Бирок талкуудан кийин депутаттар айып пулду 10 миң сомго чейин түшүрүү чечимине келишти.

Вэйп колдонгон юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Электрондук тамеки сатуу үчүн жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.

Ал эми электрондук тамекилерди ташып келүү үчүн 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18