13:12, 24 июня 2024, 24.kg

Кызыл-Кыяда өспүрүм дүкөндөн оюн жабдыктарын жана телефондорду уурдап кеткен

Кызыл-Кыя шаарында телефон жана оюн приставкасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 37 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, белгисиз адам дүкөндүн чатыры аркылуу кирип, ПС-5 оюн консолун жана 5 iPhone телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Photo 335607

Жабырлануучу келтирилген чыгымды 400 миң сомго баалаган. Арыз КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Шектүүнүн негизинде ыкчам иликтөө кызматкерлери Ноокат районунун 16 жаштагы тургунун кармашкан. Ал тергөө кызматына жеткирилген. Уурдалган буюмдар ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18