12:10, 24 июня 2024, 24.kg

«Бактылуу шаарлар индекси — 2024»: Дүйнөдөгү эң бактылуу шаарлар белгилүү болду

Дүйнөдөгү эң бактылуу шаарлар аныкталды. Жылдык изилдөөнүн жыйынтыктарынын жаңы версиясы жарыяланды.

Улуу Британиянын Жашоо сапаты институту тарабынан даярдалган изилдөөдө шаарларда жашаган адамдардан алардын жашоо сапаты, айлана-чөйрө, коомдук транспорт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суралган. Рейтинг алынган жооптордун негизинде түзүлүп, биринчи орунду Скандинавия өлкөлөрүнүн шаарлары ээледи.

Тизмеде биринчи орунда Даниянын экинчи чоң шаары Орхус, экинчи орунда Швейцариянын Цюрих шаары орун алды. Ал эми Германиянын борбору Берлин үчүнчү орунга чыкты.

Швециянын Гетеборг шаары төртүнчү, Амстердам бешинчи орунга чыкты. Алардан кийин Хельсинки, Бристоль, Копенгаген, Женева, Мюнхен жана Стокгольм турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18